Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:01
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бир айда майнингден 11,6 миллион сом салык түшкөн

03.10.2023 09:21
580
Бир айда майнингден 11,6 миллион сом салык түшкөн


Август айында майнинг тармагынан салыктан бюджетке түшкөн каражат 11 миллион 640,1 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин бюджеттин аткарылышы боюнча отчетунда айтылат.


Бүгүнкү күндө бул жыл башынан бери катталган эң чоң түшүү көлөмү. Буга чейин майнинг-фермалардан салык которуулардын жогорку деңгээли июнь (10 млн 544,3 миң сом) жана июль (10 млн 414,8 миң сом) айларында да белгиленген.


Бул салыктын эсебинен сегиз айда эле казына 55 миллион 838,1 миң сомго толукталды.


Төлөмдөр жылдын экинчи кварталында активдүү өсө баштады. Апрель-август айларында бюджетке 49 миллион 180,7 миң сом түшкөн, же бардык төлөмдөрдүн 88 пайызы.


2023-жылдын февралында эң аз майнинг салыгы төлөнгөн – 738 миң сом.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн