Бир айдан ашык убакыттан бери изделип, табылбай жаткан Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.
Ал президенттен укук коргоо органдарына буга чейин Орхан Инандыны табуу боюнча берген тапшырмасынын жыйынтыгын талап кылуусун өтүнгөн.
“Урматтуу президент Садыр Жапаров! Сизге кайрылууга мажбур болдум. Орхан Инандынын жоголгонуна туура бир ай болду. Ушул убакка чейин анын кайда экени, ден соолугу тууралуу эч кандай маалыматыбыз жок. Төрт балам менен күнү-түнү кирпик ирмебей, аны күтүп жатабыз. Белгисиз нерсени күтүү өлүмдөн да жаман. Ала качуу Кудайга жакпаган жаман нерсе. Сиз Орхан Инандыны табуу боюнча тапшырма бергенсиз. Сиздин тапшырмаңыздын жыйынтыгын талап кылууңузду талап менен күтөм. Бизге жардам бериңиз, балдарымдын атасы аман-эсен үйгө кайтып келсин”, - деди Рейхан Инанды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн