Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бир айдын ичинде Кыргызстандын карызы 17,2 млн долларга өстү

21.06.2023 08:55
739
Бир айдын ичинде Кыргызстандын карызы 17,2 млн долларга өстү


2023-жылдын апрель айынын акырына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы+ички) 5 миллиард 640,34 миллион долларды (493 миллиард 642,85 миллион сом) түздү. Бул маалыматтарды Каржы министрлиги билдирди.


Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 млрд 524,93 млн доллар (396 млрд 22,14 млн сом) тышкы карыз, ал эми 1 млрд 115,41 млн доллар (97 млрд 620,71 млн сом) ички карыз.


Бир айда мамлекеттик карыз 17,2 миллион долларга өскөн. Тышкы 13,84 млн долларга, ички – 3,35 млн долларга өскөн.


Апрель айынын акырына карата мамлекеттик карыз ИДПнын 53,25 пайызын түздү.


Тышкы карыздын жарымынан көбүн (51,6 пайызын) Кыргызстандын көп тараптуу насыялары түзөт – 2 миллиард 333,53 миллион доллар. Дагы 2 миллиард 135,86 миллион доллар (тышкы карыздын 47,2 пайызы) эки тараптуу жеңилдетилген кредиттердин алкагында өлкөнүн карызы. Анын ичинен республиканын тышкы карызынын 38,4 пайызы Кытайдын Экспорт-импорт банкына карыз болуп, апрель айында 1 миллиард 737,23 миллион долларды түзгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн