Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова бир эле депутаттын бир нече жолу депутат болушуна тыюу салуу сунушун киргизди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин кезектеги жалпы жыйынында билдирди.
"Бир эле депутат кайра-кайра депутат боло берсе трайбализм күч алат. Ошондукта буга тыюу салуу керек" ,- деди эл өкүлү.
Ага жооп катары мыйзам долбоорунун демилгечиси Алтынбек Сулайманов: "Мындай чектөө койсок туура болбой калат. Анткени начар иштеген эл өкүлүн эл өзү кайра шайлабайт",- деди.
Пикирлер (5)