Бугу 21, 2024
Убакыт: 18:07
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Бир фура сары таштын акчасын бербей койгон жаран кармалды

31.01.2023 17:43
381
Бир фура сары таштын акчасын бербей койгон жаран кармалды

Жалал-Абадда алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн 46 жаштагы аял кармалды. 


Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей,  1985-жылы туулган Бакай-Ата районунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 2021-жылдын 20-сентябрь күнү Сузак районундагы сары таш жасап сатуучу ишканадан Ю.Н. аттуу жаран “1 фура сары ташыңызды берип туруңуз, мен өзүмдүн 3 фура сары ташым менен кошо Казакстанга алып барып сатып өткөрүп, сизге 8000 АКШ долларын беремин” – деп 1 фура сары ташын алып кетип, акчасын бербегендигин билдирген. 


Бул факты боюнча топтолгон материалдар 2022-жылдын 10-июнунда Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.


Кылмыш ишинин алкагында окуяга шектүү жаран Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1977-ж.т. Ю.Н. экендиги аныкталган. Шектүү жашаган дарегин өзгөртүп, тергөөдөн изин жашырып жүргөндүгүнө байланыштуу 2022-жылдын 11-октябрында издөө иши ачылган.


Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында, издөөдө жүргөн Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1977-ж.т. Ю.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Шектүүнүн баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, үй камагына чыгарылган.


Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн