Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бир канча жылдан бери зордукталып келген бала милицияга кайрылды

02.02.2021 10:01
613
Бир канча жылдан бери зордукталып келген бала милицияга кайрылды

26-январь күнү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун 20 жаштагы тургуну милицияга көп жылдан бери зордукталып келе жатканы боюнча арыз жазган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ маалымат таратты. 


Жабырлануучунун айтымында, анын туугандары эле коркутуу, күч менен аны 2010-жылдан бери зордуктап келген.


"26-январь күнү Чаткал РИИБине 20 жаштагы эркек бала арыз менен кайрылып, 2011-жылдын жай айынан баштап 2012-жылдын кыш айына чейин бир тууган 2 бөлөсү, 2015-жылдын март айынан 2021-жылдын 15-январына чейин башка дагы бир бала күч колдонуп зордуктап келгендигин, аталган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган.


Аталган факты Чаткал РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда" ,- деп айтылат укук коргоо органынын маалыматында.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн