Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:56
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Бир катар маданият кызматкерлери сыйланды

02.11.2021 15:49
2126
Бир катар маданият кызматкерлери сыйланды

Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата бир катар маданият өкүлдөрү сыйланышты. Бул тууралуу маданият, маалымат жана спорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Бүгүн, 2- ноябрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата маданият жана искусство тармагына үзүрлүү эмгек өтөгөн алдыңкы кызматкерлер "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланышты.


Сыйлоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда өттү.


Сыйлануучулардын арасында борбордогу жана аймактардан келген театр, окуу жай, музей, кино, китепкана, эстрада, кол өнөрчүлөр, райондук маданият бөлүм башчылар бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн