Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бир катар мамлекет башчылары Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттукташты

06.12.2023 12:59
180
Бир катар мамлекет башчылары Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттукташты


Бир катар мамлекет башчылары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун бүгүнкү туулган күнү менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин куттуктоосу:


«Ушул маанилүү юбилейге – Сиздин туулган күнүңүздүн 55 жылдыгына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана чың ден соолук, узун өмүр жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүктө ийгиликтерди каалоолорумду кабыл алыңыз.

Сиздин чечкиндүү жетекчилигиңиздин аркасында бүгүнкү күндө Кыргызстанда социалдык-экономикалык өсүштү камсыз кылган жана эл аралык аренада кадыр-барктын көтөрүлүшүнө өбөлгө түзгөн реформалар жана масштабдуу курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Бир тууган өлкөнүн бул ийгиликтери бизди абдан кубандырат.

Акыркы мезгилде биз жасаган өз ара сапарлар, жолугушуулар жана пикир алмашуулар мамлекеттер аралык мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем бергендигин канааттануу менен белгилегим келет. Өз ара ишенимге жана колдоого негизделген, боордош элдердин эркин чагылдырган мамилелерибиздин кеңейишине, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүктүн калыптанышына кошкон Сиздин чоң салымыңызды жогору баалайм.

Биз мындан ары да азербайжан-кыргыз мамилелеринин жакшы салттарын бекемдөө, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди ырааты менен улантабыз деп ишенем».

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосу: 


"Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргыз Республикасы саясий, экономикалык, социалдык жана башка чөйрөлөрдө олуттуу ийгиликтерге жетишкендиги кубандырат. Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер динамикалуу өнүгүүдө жана ырааттуу түрдө жаңы мазмун менен толукталууда. Сиздин жеке көңүл бурууңузга жана биздин мамлекеттер аралык мамилелердин өнүгүшүнө кошкон зор салымыңыз үчүн ыраазычылык билдирем.

Сизге, урматтуу Садыр Нургожоевич, чын дилимден чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана бакыт-таалай, ошондой эле Сиздин жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө зор ийгиликтерди каалайм".

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин куттуктоосу: 


«Үстүбүздөгү жылдын май айында Кытайга мамлекеттик сапар менен ийгиликтүү барып, «Кытай-Борбор Азия» саммитине катыштыңыз. Биз жаңы доордо кыргыз-кытай мамилелерин биргелешип ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине көтөрдүк, эки өлкөнүн кызматташтыгы бардык багыттар боюнча ыкчам өнүгүүнүн жаңы баскычына өттү.

Мен кыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүшүнө чоң маани берем жана эки элдин бакубаттуулугун жогорулатуу максатында аймактагы тынчтыкка, туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө дагы чоң салым кошуу менен Кытай жана Кыргызстан ортосундагы жалпы тагдырга ээ болгон коомдоштукту курууга карата күч-аракеттердибизди биргелешип арттырабыз деп ишенем».

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн