Кулжа 24, 2024
Убакыт: 00:38
USD
86.70
87.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.940
1.000

Бир катар өлкө башчылары Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады

16.06.2024 09:14
184
Бир катар өлкө башчылары Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады


Бир катар өлкөлөрдүн башчылары Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:


«Дүйнө жүзүндөгү мусулмандар үчүн достуктун, сабырдуулуктун, боорукердиктин жана кайрымдуулуктун символу болгон ыйык Курман айт майрамы менен Сизди жана боордош кыргыз элин чын жүрөктөн куттуктап жатканыма чексиз кубанычтамын.

Бул ыйык күн баарыбызды тарыхы, тили, дини жана маданияты жалпы бир тууган элдерибиздин ортосундагы боордоштуктун жана тилектештиктин духун мындан ары да чыңдоого чакырат.

Биздин бекем саясий эркибиздин жана сиздер менен биргелешкен күч-аракетибиздин натыйжасында акыркы жылдары мамлекеттерибиздин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелер сапаты жана мазмуну боюнча таптакыр жаңы деңгээлге көтөрүлдү», - деп айтылат куттуктоодо.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, туруктуу прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:


«Чын жүрөктөн Сизди жана Кыргызстандын элин ислам үммөтүнүн улуу майрамы - ыйык Курман Айт майрамы менен куттуктаймын.

Бул ыйык майрам кайрымдуулук, адеп-ахлактык жана боорукердик баалуулуктарынын болуп көрбөгөндөй чагылдырылышы катары мусулмандардын жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлейт.

Ошол эле учурда бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн кубанычтуу күндө биздин бүтүндүгүбүз, биримдигибиз бекемделе берсин.

Учурдан пайдаланып, урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизге бакыт-таалай, жооптуу ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Курман айт кут болсун», - деп айтылат куттуктоодо.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосунда мындй деп айтылат:


«Миңдеген жылдар мурда пайда болгон жана адамзаттын бийик руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарын камтыган бул ыйык майрам бүткүл мусулман үммөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдейт деп терең ишенем.

Сизге ден соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине мындан аркы өнүгүү жана гүлдөп-өсүүнү Жараткан Алладан тилейм», - деп айтылат куттуктоодо.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосунда мындай деп айтылат:


«Сизди жана жалпы кыргыз элин ыйык Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Биздин элдерди көп сандаган каада-салттар, жалпы маданий жана руханий баалуулуктар, анын ичинде бүткүл мусулман үммөтү үчүн ыйык болгон бул майрам байланыштырып турат.

Анын кебелбес бийик руханий принциптери мындан ары да коңшулаштык, өз ара түшүнүшүү, ишеним жана урматтоо принциптерине негизделген биздин өлкөлөр ортосундагы достук байланыштарды жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана кеңейтүүгө салым кошо берерине ишенем.

Ушул куттуу күндөрдө, урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизге ден соолук, бакыт жана ишиңизде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине тынчтык жана туруктуулук, бакубатчылык жана өнүгүүнү каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Сиздерди Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Бизди бириктирген бул ыйык майрам жалпы адамзатка бакубатчылык алып келүүсүн Жараткан Алладан тилейм. Өлкөмдүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм», — деп айтылат Түркия Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:


«Жеке өзүмдүн атымдан жана Азербайжан элинин атынан Сизди жана боордош элибизди ислам дүйнөсүнүн биримдигинин жана тилектештигинин символу болгон Курман айт майрамына байланыштуу менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Биз Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы жалпы маданий жана тарыхый тамырлар, бир туугандык, өз ара ишеним жана колдоо сыяктуу бекем негиздерге курулган мамилелерге зор маани беребиз.

Апрель айындагы Сиздин Азербайжанга мамлекеттик сапарыңызды, чын ыкластуулуктун жана өз ара ишеним шарттарында өткөн биздин жолугушууларыбызды, эки тараптуу мамилелердин кеңири спектри жана кызматташуунун келечеги боюнча деталдуу сүйлөшүүлөрдү жагымдуу таасирлер менен эстейм. Мунун баары биздин мамлекеттер аралык мамилелерибиздин жана стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн прогрессивдүү жана ар тараптуу өнүгүүсүнүн айкын көрсөткүчү болуп саналат.

Биргелешкен күч-аракеттер менен биз бир тууган элдерибиздин кызыкчылыктарына ылайык салттуу достук мамилелерибизди жана өз ара пайдалуу кызматташуубузду мындан ары да кеңейтүүгө жетишебиз деп ишенем.

Ушул куттуу майрамда Сизде чың ден соолук, бакыт-таалай, ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм», - деп айтылат куттуктоодо.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн