Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай участкасынын 1 чакырым жолун курууга 1,3 миллион доллар сарпталат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев билдирди.
Анын айтымында, азыркы долбоор боюнча жол эл аралык стандартка ылайык курулат.
"Бул жол долбоордо көрсөтүлгөндөй бардык стандарттарга ылайыкталат.
Тротуар, велосипедчендер үчүн жол жана жарыктандыруу кирет.
Долбоордун сметасына ылайык 1 километр жолду куруу үчүн 1 миллион 300 миң доллар керектелет",- деди Транспорт министрлигинин өкүлү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн