Борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу округдан өзүнүн талапкерлигин көрсөткөндүгү тууралуу дагы эки талапкерден билдирме түштү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалым болгондой, Абдрахманов Азамат Абдилализович жана Мурзакматов Байжигит Мамаюнусович өзүн-өзү депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн. Эки талапкер да Көк-Жар округунан талапкерлигин көрсөттү.
Буга чейин 38 талапкер бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн