Борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 387ге жетти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилүү болгондой, 13-октябрь саат 18:00дө бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкерлердин арыздарын кабыл алуу мөөнөтү аяктады.
12-октябрга карата 308 талапкер арыз тапшырса, калганы 13-октябрда арыз берүүгө үлгүргөн.
Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо бир мандаттуу жана паритиялык системасы менен 28-ноябрда өтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн