Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бир мандаттуу шайлоодо азыркы депутаттар келбей калабы?

04.12.2020 14:36
1881
Бир мандаттуу шайлоодо азыркы депутаттар келбей калабы?


Бир мандаттуу округдардан шайланып келген депутаттар чынында абдан күчтүү болчу. Азыркыдай элдин көңүлүнө кое таштай тийген шордуу, кошомат парламентти ал убакта элестете алчу эмеспиз. Ошол эле Дооронбек Садырбаев, Абсамат Масалиев, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Кубатбек Байболов, Дүйшөнкул Чотонов сыяктуу саясатчылар нагыз парламентарийлер эле, өкмөтү да, Президенти да Жогорку Кенештен жалтактап турчу. Азыр жаштар Хабибдин мушташын же футболду сыналгынын алдында күткөндөй эле, эл чыгаан депутаттардын сессиясын күтүп көрчүбүз. Элуу жылда эл жаңы дейт. Азыр да 35 депутатты бир мандаттуу округдан тандаганы калдык. Бирок азыр башканы кой, Дооронбек Садырбаев, Абсамат Масалиевдер тирүү болсо, округдан утуп келет беле же ушундай инсандарды да контрабанда менен алек болгон акчасы көп улакчы, кени, базары бар бай киши, бажыда, салыкта иштеп кеткен дагы бир талапкер дейли, ошолор утуп алат беле? Азыр партия менен келген депутат үмүттү актабады дейли, бирок бир мандаттуудан ушулар эле келип алса, биз күткөн «чудо» болбой калбайбы деген суроо да. Же жакшы жылыш болобу?


Жанар Акаев, КР ЖК депутаты 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Акча таркатса келет да.Ел сатылганга дайым даяр