Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:05
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бир нече жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо белгиленди

11.02.2020 09:32
650
Бир нече жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо белгиленди



Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине белгиленди. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы маалымдады.

Шайлоо төмөндөгү жергиликтүү кеңештерге белгиленди:

- Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештерине;

- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай айылдык кеңештерине, Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешине, Майлуу-Суу шаардык кеңешине;

- Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Коңорчок, Жерге-Тал айылдык кеңештерине, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чоң-Дөбө, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештерине;

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешине, Ысык-Көл районунун Кум-Бел айылдык кеңешине, Балыкчы, Каракол шаардык кеңештерине;

- Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешине, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешине, Токмок шаардык кеңешине;

- Ош облусунун Алай районунун Будалык, Коңур-Дөбө айылдык кеңештерине, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештерине, Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык кеңешине, Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Аке айылдык кеңештерине;

- Ош шаардык кеңешине.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн