Бишкек шаарында тепловоз жаш жигитти сүзүп кетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 15-июлда саат 09:00 чамасында Мухтар Ауэзов көчөсүндөгү темир жолдо болгон. Ал №4 Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Күбөлөрдүн айтымында, тепловоздун айдоочусу ага бир нече жолу сигнал берген, бирок ал уккан эмес.
Учурда жабырлануучунун аты-жөнү аныкталууда. Белгилүү болгондой, ал болжол менен 20-25 жашта экени айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн