Чын курандын 17, 2024
Убакыт: 03:41
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Бир нерсени алгандан да бергенде көбүрөөк бакыт бар

22.01.2021 10:27
505
Бир нерсени алгандан да бергенде көбүрөөк бакыт бар

Адамдардын көңүлүн табуу үчүн ар дайым аларга жакшылык кылуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, мындай мүмкүнчүлүк боло калганда убакытты өткөрбөй дароо жакшылык кылуу керек. Атаганат, көңүлүбүздү ар дайым бирөөгө жакшылык жасоо ыңгайында жөнгө сала алганыбызда эле. Кичинекей  эле арзыбаган жакшылык кылуу менен бир инсанга дүйнөнүн кубанычын тартуулап койушуң мүмкүн экен. Анда бул окуяга күбө болуңуз.


Туулган күнүмдүн алдында агам мага жапжаңы машина белек кылды. Кеңседен чыксам, машинамды айланчыктап бир бала карап жүрүптүр:

"Бул сиздин машинаңызбы?-" деп сураган балага:

"Ооба, меники. Аны агам мага туулган күнүмө тартуулады", - дедим мактаныч менен.

Көздөрү жайнап кеткен бала:

"Чиркин, сиздин..." дей бергенде, анын оюн айттырбай түшүндүм.

Ал "менин да белек бере турган бай агам болсо го" деп кыялданып турган чыгаар деп ойлодум.

Бирок бала:

"Чиркин, сиздин агаңыздын ордунда болсом го" деп, мен күтпөгөн сөздү айтты.

 Баланын ниетине ыраазы болуп кеттим да, машинам менен кыдырууга чакырдым. Бир аз жүргөндөн кийин бала кубанычтуу үнү менен:

"Ага, кечириңиз. Менин үйүмдүн алдына токтой аласызбы?" - деп өтүндү.

 Үйүнө жаңы машина менен келгенин көрсөтүп, коңшуларына мактангысы келип турган чыгаар деген ой менен токтой калдым.

Бирок дагы жаңылышыпмын...Үйүнө жүгүрүп кирип кеткен бала бир кезде кичинекей майып инисин аркасына көтөрүп чыгып, машинаны көрсөтүп:

"Көрдүңбү? Баары да жана сага айтканымдай. Бул машинаны мына кишиге агасы белек кылыптыр. Мен да күндөрдүн бир күнүндө милдеттү түрдө сага ушундай машина белек кылам. Анан сен каалаган жериңе өзүң бара ала турган болосуң", -  деди жүзү бал-бал жанып.

Кичинекей баланын инисине деген камкордугуна толкуп кеттим. Машинамдан түшүп, инисин машинанын алдыңкы орундугуна отургуздум. Кубанычтан көзү жайнаган бала арткы орунга жайгашты. Үчөөбүз көпкө чейин кыдырдык.

Мен ошол күнү бир нерсени алгандан да бергендин көбүрөөк Бакыт тартуулаганын түшүндүм..

Булак: Таалим баракчасы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн