Бугу 12, 2024
Убакыт: 16:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бир өлкөнүн президенти мындай сөздү колдонбойт. Эрдоган Байденди сындады

19.03.2021 17:45
1065
Бир өлкөнүн президенти мындай сөздү колдонбойт. Эрдоган Байденди сындады

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган АКШ президенти Жо Байдендин Россия Федерациясынын президенти В.В. Путинге карата айткан "киши өлтүргүч" сөзү боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал жума намаздан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айткан. 


"Бир өлкөнүн президенти мындай сөздү колдонуусу мүмкүн эмес. Байден жок жерден Россия сыяктуу өлкөнүн президентин эч кандай далилсиз минтип атаганы акылга сыйбайт. Менин оюм боюнча Путин мырза эң түшүнүктүү жана так жооп берди"- деди Эрдоган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн