Сөз күчүнө өзгөчө маани берген кыргыз элинде каргыштардын да орду бар. «Каргышка калган адам», «Каргыш тийген жер» деген сыяктуу сөздөрдү көп эле угабыз. Каргыш бул – бирөөлөрдү каргоо, жектөө, аларга жамандык тилөө үчүн жаратылган сөздөр. Аны үчүн каргышка себеп болгон окуя, кырдаал, адам болушу керек. Мисалы, бир каргыштар:
Муздаган таштай бол,
Мүлжүгөн баштай бол!
Күйгөн көмүрдөй бол!
Керткен дүмүрдөй бол!
Коночо конгон чечтей бол,
Туман баскан кечтей бол!
Ичкениң ирим болсун,
Жегениң желим болсун!
Түтүнүңдү булут көрбөсүн,
Жугундуңду ит көрбөсүн!
Аргындын сүтүн жутпай кал,
Атаңдын үнүн укпай кал!
Эчкинин сүтүн жутпай кал,
Энеңдин үнүн укпай кал!
Кемирчектей кепселип кал,
Кебектен бетер экчелип кал!
Кырдагы тарп малдай бол,
Кыйрап жаткан талдай бол!
Самандай болуп саргарып жүр,
Сан албай ойго байланып жүр!
Курмушудай кубарып жүр,
Куу санаага ууланып жүр! (Элдик ырдан)
Мына ушинтип эң жаман тилектер тиленип, катуу сөздөр айтылып, сөз күчү аркылуу өз каргышын билдирген учурлар болгон. Муну тескери бата деп да айтууга болот. «Бириң эки болбосун», «Тукумуң үзүлсүн», «Арбак урсун», «Көрүңдө өкүргүр», «Балаңдын күнүн көрбөй кал», «Балдарыңдан топурак буйрубасын», «Көмүлбөй сөөгүң чирисин», «Кепиниңди жеп калгын», «Атаңдын канын ичип кал», «Көзүңдөн чыксын», «Убалы уктатпасын», «Кара башыңа көрүнсүн» ж.б. каардуу каргоолор айтылганын билебиз. Ар бир адам каргышка калбоо үчүн тырышат, анын педагогикалык мааниси ошондо. Каргыш жети муунга чейин жетет делет. Илгери бөрү деген жаныбар адамдарга, мал-алга аябай зыян кыла бергенден каргышка калып, «карышып кал» деп каргашып, аты «карышкыр» болуп кеткен экен. Акын Жеңижок Көксулуу деген жубанды жакшы көрүп калып, аны аялдыкка алып алган соң мурунку кайненеси «ушул бойдон көшөгөн көгөрбөсүн» деп каргап коюп, ошол бойдон согончогу канабай калган экен деген кеп айтылып калган.
Жетим баланын, жесир аялдын каргышы да катуу тейет дешет.
Каргаган адам ачуу үстүндө каргыш айтып алып, кайра «каргыш ээсине жетпесе, кайрылып өзүнө келет экен» деп коркуп каргыш айтуудан өзүн карманган.
«Кожожаш» дастанында Сур эчки балдарынан ажырып, жалгыз калганда мергенди мындай каргайт:
Мерген болбой куруп кал,
Аскадан түшпөй туруп кал!
Чөп саргайып күз болсун,
Таманың алды түз болсун.
Туруп кал, мерген, аскада,
Тууганга кыйын иш болсун.
Кайрыла турган жагыңа,
Карагай чыксын бутактап.
Калгын, мерген, аскада
Кара ташты кучактап.
Толгоно турган жагыңа
Долоно чыксын бутактап.
Тосулсун жаның аскада
Бозоргон ташты кучактап!
«Кожожашта» Сур эчкинин каргышы туура келип, Кожожаш мерген же өйдө кете албай, же ылдай түшө албай, аскада калат.
Табиятты коргоо, ысырап кылбоо үчүн ар бир жан-жаныбардын колдоочу пири болот, алар ынсапсыз адамдарды каргап салат деп айтат. Бир каргышка калган адам, уруу экинчи ордунан тургус болот дешет. Бала үчүн атанын каргышы өтө оор каргыш дешип, атага балдар өзгөчө карашкан. Аталар да каргышым тийип калбасын деп балдарын каргоодон этият болгон.
Кара-Суунун Отуз-Адыр деген жеринде Машраб-Сай деген арык бар. Жазында тез эле суу акпай калат, бул сай элдик сөздөргө караганда дүйнөнү чарк айланып чыккан Машраб думананын каргышына калган деп айтылат.
Эне аябай кыйнаган баласын «Ак сүтүм урсун» деп, ата «Ак эмгегим урсун», «Наным урсун», «Тузум урсун» деп каргаса, көзү өтүп кеткен адамдын бала-чакасына жамандык кылган кишини «Арбак урсун», «Баланчанын арбагы урсун» деп каргаган.
(А.Муратов менен К.Акматовдун «Бала тарбиялоодогу КЫРГЫЗ КЕРЕМЕТИ» деген китебинен)
Абдыкерим Муратов
Пикирлер (1)