Бир сутка ичинде өлкө боюнча 78 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Маалыматка ылайык, бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Муну менен оорудан сакайган ак халатчандардын саны 515ке жетти.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 1225 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн