Өлкөдө бир сутка ичинде 6 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу 14-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 5 жана Ош шаарында 1 ак халатчан илдетке чалдыккан.
Ал эми стационарлардан 3
медкызматкер сакайып үйлөрүнө чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер
арасында – 247 учур катталып, алардын ичинен 192 медкызматкер стационарлардан чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн