Бугу 16, 2024
Убакыт: 09:33
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бир сутка ичинде 80 ак халатчандан коронавирус аныкталды

10.07.2020 10:06
1036
Бир сутка ичинде 80 ак халатчандан коронавирус аныкталды


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 80 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.


Жаңы учурлар:


• Бишкек шаарында – 17;
• Чүй облусунда – 26;
• Ош шаарында – 9;
• Ош облусунда – 4;
• Нарын облусунда – 5;
• Ысык-Көл облусунда – 6;
• Жалал-Абад облусунда – 7;
• Баткен облусунда – 5;
• Талас облусунда – 1;


Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1450 учур катталды, алардын ичинен 536 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн