Бир сутка ичинде өлкө боюнча 94 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
• Бишкек шаарында – 26;
• Чүй облусунда – 39;
• Ош шаарында – 14;
• Жалал-Абад облусунда – 9;
• Баткен облусунда – 6.
Ал эми бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер
арасында – 1875 учур катталды, алардын ичинен 570 медкызматкер стационарлардан
айыгып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн