Бир сутка ичинде өлкө боюнча 42 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Маалыматка ылайык, бир суткада 18 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыкты. Муну менен илдеттен айыккан ак халатчандардын жалпы саны 464кө жетти.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 921 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн