Бугу 13, 2024
Убакыт: 19:39
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бир сутка ичинде коронавирустан 7 адам көз жумду

30.06.2020 09:52
1030
Бир сутка ичинде коронавирустан 7 адам көз жумду

 

Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу 30-июндагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.


Маалыматка ылайык, коронавирустан буга чейин бир суткада эң көп каза болгондордун саны 3 адамды түзгөн болчу.


Каза болгондор:


1.
Республикалык клиникалык ооруканасында – 2 (55 жашта эркек киши, 76 жаштагы эркек киши);
2. Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 2 (70 жаштагы аял киши, 49 жаштагы аял киши);
3. №2 Клиникалык төрөт үйүнөн – 1 (27 жаштагы аял киши);
4. Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (44 жаштагы эркек киши);
5. Кыргыз-Түрк-достук ооруканасынан – 1 (53 жаштагы эркек киши).

 

Дарттан каза болгондордун жалпы саны 57 кишини түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн