Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 23-июндагы брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында
– 11;
Чүй облусунда – 9;
Ош шаарында – 2.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылып, оорудан
сакайгандардын жалпы саны 389га
жетти.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 604 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн