Бир сутка ичинде өлкө боюнча 43 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 27-июндагы брифингде билдирди.
• Бишкек шаарында – 19
• Чүй облусунда – 7
• Ош шаарында – 7
• Ош облусунда – 3
• Нарын облусунда – 2
• Баткен облусунда – 1
• Ысык-Көл облусунда – 4
Ал эми бир суткада 11 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 712 учур катталды, алардын ичинен 414 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн