Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен беш адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалым болгондой, Ош облусунда – 3, Ош шаарында – 1, Талас облусунда 1 адам каза болду.
Учурда стационарларда 1737 бейтап, ал эми 1725 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.
Кыргызстан пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 1090 адам каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн