Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалым болгондой, Ош облусунда – 1, Бишкек шаарында 1 адам каза болду.
Учурда стационарларда 1776 бейтап, ал эми 1833 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.
Кыргызстан пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 1092 адам каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн