Бугу 16, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бир суткада 71 дарыгерден коронавирус аныкталып, жалпы саны миңден ашты

04.07.2020 10:47
942
Бир суткада 71 дарыгерден коронавирус аныкталып, жалпы саны миңден ашты


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 71 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.


Жаңы учурлар:


Бишкек шаарында – 32;

Чүй облусунда – 19;

Ош шаарында – 4;

Ош облусунда – 4;

Жалал-Абад облусунда – 2;

Нарын облусунда – 2;

Баткен облусунда – 3;

Ысык-Көл облусунда – 5.


Ал эми бир суткада 6 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыкты. Муну менен илдеттен айыккан ак халатчандардын жалпы саны 490го жетти.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 1065 учур катталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн