Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 12:25
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Бир суткада COVID-19дан 8 бейтап каза болду

Бир суткада COVID-19дан 8 бейтап каза болду


Кыргызстанда 16-майга карата коронавирус дагы 224 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

- Бишкекте – 150,
- Ош шаарында – 3,
- Чүй облусунда – 41,
- Ош облусунда – 2,
- Талас облусунда – 2,
- Нарын облусунда – 6,
- Ысык-Көл облусунда – 18,
- Жалал-Абад облусунда – 2 .

Бир сутка ичинде 300 адам коронавирустан айыгып чыккан.

- Бишкекте – 192,
- Ош шаарында – 3,
- Чүй облусунда – 74,
- Ош облусунда – 2,
- Талас облусунда – 2,
- Нарын облусунда – 7,
- Ысык-Көл облусунда – 10,
- Жалал-Абад облусунда – 9,
- Баткен облусунда - 1.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда - 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 733 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 427 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 183 бейтаптын абалы орто оордукта, 433 адамдын абалы оор жана 95 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 546 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 473 медкызматкер айыгып чыккан.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 100 миң 473 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 93 миң 602 киши айыгып чыкса, 1 миң 703 адам каза болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн