Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 1-июндагы брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, илдет Бишкек шаарында – 4, Ош шаарында – 1, Нарын облусунда – 6, Ош облусунда – 1 ак халатчандан чыккан.
Ал эми сутка ичинде 3 медкызматкер стационардан айыгып чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19
диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 362 учур катталды, алардын
ичинен 252 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн