Бир сутка ичинде өлкө боюнча 15 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
- Ош шаарында – 1
- Баткен облусунда – 5
- Ош облусунда – 2
- Жалал-Абад облусунда – 4
- Ысык-Көл облусунда – 3
Ал эми бир суткада үй карантининен 3 медициналык кызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3379 учур катталды, алардын ичинен 3075 медкызматкер айыгып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн