Бир сутка
ичинде коронавирус инфекциясынан республика аймагында 11 бейтап каза
болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык
башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Маалыматка караганда, каза болгондордо коронавирус инфекциясынан сырткары өнөкөт оорулары да болгон.
Каза болгондор:
1. Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 63 жашта);
2. № 1 Шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 64 жашта);
3. Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1 (аял, 72 жашта);
4. Улуттук фтизиатрия борборунан – 1 (эркек, 64 жашта);
5. Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аялдар – 54, 61 жашта);
6. Баткен облустук ооруканасынан – 2 (эркек, 49 жашта, аял, 58 жашта);
7. Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 53 жашта, медик);
8. Тоң аймактык ооруканасынан – 2 (эркек, 58 жашта, аял, 36 жашта).
Жалпы каза болгондордун
саны 160 кишини түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн