Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 07:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бир суткада коронавирустан 15 бейтап каза болду

13.07.2020 10:19
1136
Бир суткада коронавирустан 15 бейтап каза болду

 

Бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан республика аймагында 15 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

 

Маалыматка ылайык, каза болгондордо коронаврус инфекциясынан сырткары өнөкөт оорулары да болгон.


Каза болгондор:


1. Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 4 (эркектер -56, 56, 46 жашта, аял, 60 жашта);
2. Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 2 (аялдар – 70, 71 жашта);
3. Ак-Талаа аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 61 жашта);
4. Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 55 жашта);
5. Жайыл аймактык ооруканасынан – 5 (эркектер - 69, 67 жашта. Аялдар – 83, 50, 61 жашта);
6. Кадамжай аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 77 жашта);
7. Лейлек аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 75 жашта).

Жалпы каза болгондордун саны 147 кишини түздү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн