Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Маалыматка ылайык, коронавирустан каза болгондордун экөө медицина кызматкерлери.
Каза болгондор:
1. Кыргыз-Түрк
достук ооруканасынан – 1 (эркек, 85 жашта);
2. Ош облустар аралык ооруканасынан – 2 (эркек, 79 жашта, эркек медкызматкер,
62 жашта);
3. Ысык-Көл облустук ооруканасынан – 1 (эркек, врач педиатр, 61 жашта);
4. Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 58 жашта);
5. Талас облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 61 жашта);
6. Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 57 жашта);
Муну менен каза болгондордун жалпы саны 99г жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн