Өткөн сутка ичинде 10 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, каза болгон бейтаптарда коронавирустан сырткары өнөкөт оорулары да болгон.
Каза болгондор төмөнкү аймактарда:
1. Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 4 бейтап (3 эркек - 64
жашта, 66 жашта, 69 жашта, 64 жаштагы аял);
2. Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (60 жаштагы эркек);
3. Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (80 жаштагы аял);
4. Москва аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (35 жаштагы эркек);
5. Токмок аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (59 жаштагы аял);
6. Ысык-Ата аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (62 жаштагы аял);
7. Кочкор аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (81 жаштагы эркек).
Каза болгондордун жалпы саны 88 кишини түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн