Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 431 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында - 70
- Ош шаарында - 44
- Чүй облусунда – 34
- Ош облусунда - 147
- Талас облусунда - 4
- Ысык-Көл облусунда – 15
- Жалал-Абад облусунда – 65
- Баткен облусунда - 52
Пандемия башталгандан бери жалпы 51020 адам коронавируска кабылды.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 208 адамды түздү. Айыгып чыккан адамдардын жалпы саны 45 288.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн