Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 207 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында - 26
- Ош шаарында - 4
- Чүй облусунда – 8
- Ош облусунда - 34
- Талас облусунда - 4
- Нарын облусунда - 1
- Ысык-Көл облусунда – 9
- Жалал-Абад облусунда – 46
- Баткен облусунда - 75
Пандемия башталгандан бери жалпы 47635 адам коронавируска кабылды.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 103 адамды түздү. Айыгып чыккан адамдардын жалпы саны 43 521.
Пикирлер (1)