Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 330 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында - 68
- Ош шаарында - 36
- Чүй облусунда – 12
- Ош облусунда - 74
- Талас облусунда - 9
- Ысык-Көл облусунда – 18
- Жалал-Абад облусунда – 70
- Баткен облусунда - 43
Пандемия башталгандан бери жалпы 50201 адам коронавируска кабылды.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 172 адамды түздү. Айыгып чыккан адамдардын жалпы саны 44 884.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн