Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 388 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында - 59
- Ош шаарында - 55
- Чүй облусунда – 19
- Ош облусунда - 50
- Талас облусунда - 16
- Нарын облусунда - 1
- Ысык-Көл облусунда – 19
- Жалал-Абад облусунда – 86
- Баткен облусунда - 83
Пандемия башталгандан бери жалпы 50589 адам коронавируска кабылды.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 196 адамды түздү. Айыгып чыккан адамдардын жалпы саны 45 080.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн