Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2инфекциясы 549 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында - 125
- Ош шаарында - 37
- Чүй облусунда – 53
- Ош облусунда - 82
- Талас облусунда - 10
- Нарын облусунда - 4
- Ысык-Көл облусунда – 24
- Жалал-Абад облусунда – 117
- Баткен облусунда - 97
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 53459 адам коронавируска кабылды.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 305 адамды түздү. Айыгып чыккандардын жалпы саны - 46 444.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн