Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен төрт адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалым болгондой, Баткен облусунда 1, Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 1 адам коронавирустан улам көз жумду.
Учурда стационарларда 3300 бейтап, ал эми 2871 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 1130 адам каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн