Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:40
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Бир тонна көмүр калкка канчадан сатылат?

07.09.2021 16:44
995
Бир тонна көмүр калкка канчадан сатылат?

Калкты көмүр менен камсыздоо 2021- жылдын 15-сентябрынан башталат. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы билдирет.


Маалыматка ылайык, республика боюнча бүгүнкү күндө 758 көмүр кампасы ачылды. Жеринен чыккан Кара-Кече көмүрүнүн баасы мурдагы жылдардай эле 1 миң 330 сомду түзөт. Сатыкка коюлган баа саясатын Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги жүргүзөт.


Кыргызстан боюнча жалпысынан (ЖЭБке, калкка, бюджеттик мекемелерге)- 3 миллиондон ашык тонна көмүр керектелет, анын ичинен:


-бюждеттик мекемелерге-242,333 миң тонн;


-калкка- 1 миллион 125 миң тонна;


ЖЭБке – 1 миллион 650 миң тонна анын ичинен:


-“Кабак” бассейининен -950 миң тонна;


- Таш-Көмүр кенинен -50 миң тонна;


- Казакстандан- 650 миң тонна көмүр келет.


Республика боюнча көмүр казган 70 ашык компания бар. Туруктуу иш алып барган компаниянын саны 41 чукул.


Оперативдик маалыматтарга таянсак акыркы 8 айдын ичинде Республика боюнча 1 337 346 тонна көмүр өндүрүлдү.


-түндүк региону боюнча -452 265 миң тонна;


-түштүк региону боюнча -885 079 миң тонна;


Эске сала кетсек, күйүүчү майдын турукту болбогонуна байланыштуу, аба ырайынын жаан-чачын болушунан жана башка себептер менен Кара-Кече кесиминде тоо-кен иштери арта калып, ошол үчүн КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кошумча күч тартылып, көмүр тазалоо иштерин күчөтүү максатында атайын оор жүктөгү техникалар бөлүнүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн