Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 23:12
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бир топ дүкөндү тоногон жаран кармалды

Бир топ дүкөндү тоногон жаран кармалды

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын 3 тургуну арызданышып, дүкөндөрүнөн түнкү убакыттарда акча жана товарларын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдиришкен. Аталган фактылар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.



Жалал-Абад шаарынын аймагында орун алып жаткан дүкөн уурулуктарынын бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад ОИИБдин жана Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан аталган кылмыштарга шектүү катары Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 1993-ж.т. О.Н. кармалып, тергөөгө камсыздалган.


Тергөөнүн жүрүшүндө О.Н. 2020-жылдын 11-октябрынан 4-ноябрга чейинки аралыкта Жалал-Абад шаарындагы «Корзинка», «Баяман», «Үй-бүлөлүк»  кичи маркеттерине, «Чолпон», «Шириндик» аттуу дүкөндөргө түнкү саат 02:00дөн 06:00гө чейинки аралыкта уурулукка кирип жүргөндүгү белгилүү болгон. Ал алдын ала даярданып, асынма капчыгына кийим салып, жанына дайыма атайын арматура алып, беткап тагынып, кылмыш кылган жерден сигареттерди, кассада турган акчаларды ж.б. нерселерди уурдап кетип жүргөн.


О.Н. тергөөнүн жүрүшүндө дүкөндөргө кандай жолдор менен киргендигин жана эмнелерди алгандыгы тууралуу жеринде айтып берген. Азыркы учурда О.Н. Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 2 айга киргизилген. Тергөө амалдары уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн