Сузак районунда 15 жаштагы кыз бир тууган агасынан көз жарды. Бул тууралуу маалыматты “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине Жалал-Абад
ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, өспүрүм кыз облустук төрөт үйүндө 16-июлда көз жарган жана эне-баланын
абалы жакшы. Аны агасы мас абалында зордуктаган.
Учурда аталган факт боюнча Кылмыш-жазык кодексинин 164-беренеси (Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен сотко чейинки ѳндүрүшкө алынып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда иш тергелип жатат.
Пикирлер (1)