Бугу 15, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бир убакта бир нече электр жабдыктарын жандырууга болбойт. "Түндүк электр" электр кубаттуулугуна чектөө койду

08.11.2021 09:42
357
Бир убакта бир нече электр жабдыктарын жандырууга болбойт. "Түндүк электр" электр кубаттуулугуна чектөө койду

"Түндүк электр" электр энергиясын колдонууда кубаттуулукка чектөө киргизди. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлады.


Билдирүүгө ылайык, бир фазалуу колдонуучуларга 5 киловаттык, ал эми үч фазалууларга 10 киловаттык чектөө коюлду.


"Суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн жана жарыкты пайдалануудагы чектөөнү сактоо максатында бир фазалуу колдонуучулардын эсептегичтерине беш, үч фазалууларга он киловаттык чек коюлду", — деп жазылат маалыматта.

Буга байланыштуу аталган мекеме жарандарды электр жабдууларын кубаттуулугун карап колдонууга жана үнөмдөөгө үндөгөн.


"Түндүк электр" Бишкектеги, Чүйдөгү жана Таластагы абоненттерди тейлейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн