Республикалык штаб коронавирус инфекциясын жуктуруп алган бейтаптын баянын жарыялады.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында бир үй-бүлөдө үч адам коронавирус жуктуруп алган. №6 шаардык клиникалык ооруканасына жаткырылган бейтап, оору тууралуу айтып берип, кандай шартта дарыланып жатканын видео аркылуу билдирген. Ошондой эле ал оору бар экенин жана сактануу керектигин айткан.
18-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 95 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 2 657 учур болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн