Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бир үй-бүлөнүн тагдыры кыйылды. 28 жаштагы келин 9-кабаттан 3 баласы менен секирип каза болду

23.11.2021 09:41
958
Бир үй-бүлөнүн тагдыры кыйылды. 28 жаштагы келин 9-кабаттан 3 баласы менен секирип каза болду

Алматыда үч баласы бар келин 9-кабаттын терезесинен секирип кеткенин, окуянын кесепетинен төртөө тең каза болгонун шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


«Бул факт Жетисуу кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Анда 28 жаштагы аял 2015, 2016 жана 2019-жылы туулган үч кичинекей баласы менен 9-кабаттын терезесинен секирип кеткен. Окуя болгон жерден аял жана эки бала каза болгон. Дагы бир бала тез жардам унаасында каза болду», — деп айтылат ШИИБдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.


Милиция «Өз жанын кыюуга чейин жеткирүү» беренеси боюнча иликтөө башталганын билдирди. ИИМ ошондой эле кырсыктын себептерин жана жагдайларын иликтөө үчүн тергөө-ыкчам тобу түзүлгөнүн билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн