Көзүң өтсө тууган жердин топурагы буюрат деп,
Там сал дешти кайтып келип Сары-Камыштын түзүнө.
Айланган жер – адамзаттын бейити да, үйү да,
Жашап жатам ансыз деле, өз мүрзөмдүн үстүндө.
***
Жан үрөдүң, атак-даңкка жетемин деп эң алды.
Кайран маркум, көзүң өттү, арт жагыңда не калды?
Бүгүн бирөө отко эритип, шакек жасап отурат,
Бир кезекте сыймыктанып, сен тагынган медалды...
***
Оңдойм дедиң, түзөйм дедиң, көчмөн турмуш катасын,
Калаа куруп, алам дедиң көпчүлүктүн батасын.
Курган калааң, мүрзөң дагы калып көлдүн алдында,
Кайран дос ай, мына бүгүн суу астында жатасың...
***
Бу жалгандын туман баскан табышмактуу жолунда,
О, күлүгүм! Ээ-жаа бербей октой учуп барасың...
Күтүп турса түбү жок жар, жетем деген марааңда,
Аргымагым, аламандап неге алдыга шашасың?..
***
Калктан бата сурап турган, касапчынын алдында,
Жалдырайсың айлаң куруп... алда байкуш коюм-ай!
Сага эч кайдан жардам келбейт, жардам бербейт Кудай да,
Тыбырчылап маарап турсуң... болушары жогум ай!
***
Балким тирүү каламбы деп тилеп турдум Кудайдан,
Ресторан көлмөсүндө, жүрөк чыгат кабынан.
Бирөө келип, заказ берип, кыйды менин жанымды,
Ачкөз адам, каргайм сени, балыктардын атынан...
***
Эй жубайлар, үй-бүлөдө эри менен аялы,
Куштун эки канатындай, билсең чындык ушундай.
Жаман жүрүп, жаңылышып, бир канаты аксаса,
үй-бүлөнүн кушу өксөп, жолдо калар учалбай!
***
Аял – аары, балы таттуу, "уусу" да бар бирок да,
Анткен менен адам жок го, аны аңсап сүйбөгөн.
Урмат кылып, сыйга бөлөп, сен "аарыга" чактырбай,
Өмүр бою балын соруп, жыргап өткүн дүйнөдөн.
***
Жамандабайм, менмин деген сен да атанын уулусуң,
Акыл айтпайм, пендебиз го, сен да акчанын кулусуң.
Картаң энең кышта айылда, көмүрү жок отурат.
Борбор шаарда "Мерсти" минип, чардаганың курусун.
***
Жаңы коом курдук дешет, компоюшат ушуга.
Бакубаттуу келечекке даярбыз дейт учууга.
Уландардын көбү маңкурт, кыздар басат жылаңач,
Аксакалдар нарктан кетти... прогресспи ушу да!?
***
Тунгуч алган жарды таштап, сен үйлөнгөн сулуу айым,
Бир ойношун ээрчип кетти... ушул беле табарың?
Беш неберем, тун келиним, анда неге кор болду?
Эй, маңги баш! Үй-бүлөңдүн неге кыйдың дарагын?
***
Ойлонбостон шапар тептиң, алды-артыңды карабай.
Жыргатам деп, дуулатам деп, бир жаралган өмүрдү.
Ошол жыргал, ошол күндөр, сыйкырчыдай кубулуп,
Эми сага куурал болуп, кайтып келди көрдүңбү?..
***
Сүйбөйсүң деп таарынып сен, күнөөлөйсүң бирөөнү,
Жаанбай сен токтоп турчу, мен айтайын жүйөнү.
Жүрөгүңдөн жалын чачып, оттой жаныш ордуна,
Быкшып күйбөй түтөп турсаң, бирөө сени сүйөбү?
***
Чабан итин сырттаным деп эркелетчү, бирок да,
Кожоюну зоодон учса, ити жетти озунуп...
О Кудай ай! Карагыла, ушул дагы сырттанбы?
Ээсин кайра талап жатса, жоруларга кошулуп...
***
Кармаш болду кан төгүлгөн, чындык өлдү ак жерден.
Кайран эр ай! Акыйкат деп неге анча жоолаштың?
Душманды го түшүнөлү, куюшканга кыпчылып,
Эй, дежур чал, сага эмне жок, сен эмне ага ок аттың?
***
Өз жаны үчүн кыбыраган бир пенде өттү дүйнөдөн,
Кезегинде бийикти эңсеп, чоң жарышка кирген жок.
Бирок аттиң бир өкүнүч, Ата журту ал жандын
Бул дүйнөгө келгенин да, кеткенин да билген жок…
***
Кылым учкул, заман күлүк, өзгөрүүдө бүт баары,
Кыргызбектин айдаганы ак Мерседес жапжаңы.
Бирок минген машинасы өзгөрсө да жаңырып,
Ох! Ыйманбай, осол тоолук өзгөрбөгөн ич жагы...
***
Аккан дүйнө бу космостун, жазып жаткан китеби,
Сен андагы бир сүйлөмсүң... кана өзүңдү окуюн.
О Кудай ай, маңызы жок, жайдак беле бу сүйлөм,
Жалпы шардын ичиндеги "ураа" белең кокуюм!..
***
Жүрчү элең сен көп ичинде, аты-затың билинбей,
Ушу сенин кимдигиңди, албапмын түк оюма.
Кастар сендей көлөкөнү, айлантып кол жоолукка,
«Мина» кылып көмүшүптүр, менин басар жолума,
Басып алып капыс сени түштүм азап чогуна!...
***
Эне тилиң аркылуу сен атуулусуң улуттун,
Кыргыз тили – кымбат мүлкүң, ошон үчүн улуксуң.
Башка тилде сайрап, бирок эне тилиң билбесең,
Эл ичинде басып жүргөн бир бечара дудуксуң.
***
Зордоп, кордоп тепсешүүдө, сенин Аккан досунду,
Жан досуңдун жалгыз өзүң көрдүң эле үзүрүн.
Ак жеринен күйүп жатат, дудук болбой унчугуп,
Бирдеме деп койсоң боло, э айланайын күчүгүм!
***
Ичегиси шишип кетсе, адам чыдап турабы.
Сактай көр деп ыйлап келип, үстөлүмө кулады.
Сактабасам күйүп-бышып, мунун кимге убалы...
Айыккан соң ошол адам кийин мага кас чыгып,
Эл көзүнчө кайра өзүмдүн “ичегимди” чубады...
***
-- Неге ар дайым мансаптуунун ардагы,
Арсыз саткын, кошоматчы алдагы?
-- Билбейсиңби чоңдун чолок экенин,
Кошоматчы анын таяк-балдагы.
***
Мен кыргызмын ата салтын туу кылган,
Ак боз үйдүн очогуна жалынам.
Өз коломтом – өзөк кенчим! Мен ансыз
талга окшошмун тамырынан кыйылган.
Кудай мага Ала-Тоомду буюрган,
Меккеге эмес, мекениме сыйынам!..
***
Теңир буюруп кечээки өткөн мезгилде,
Туулупмун кереметтүү Кеминде,
Көп жаш жашап, сапар карып акыры,
Коюлгамын кайра эле ушул Кеминге,
Өлгөндө да туулган жерди кучактап,
Жатканыма ыраазымын Теңирге.
***
Не өтпөгөн бу түздөрдө бир кезде,
Кайда бая калдайган калк бул жерде?
Жутуп коюп эчендерди бу талаа,
Жымжырт жатат билбегендей эч нерсе...
***
Көктөн жерди муздай муздап, суз караган айды көр,
Бу дүйнөгө келсең дагы, кетсең дагы кайдыгер.
Бешигиңди мисирейтип карайт билбей күлгөндү,
Ошол эле калыбында тиктейт кийин мүрзөңдү...
***
Ардактап көмдү тирүүлөр,
Акыркы жайга жаткырып,
Атыңды ташка жаздырып...
Эстелик менен “шах” айтып,
Жазмышың тынды-ов! “мат” кылып...
***
Нечендери келип жатат “ыңаалап”,
Нечендери кетип жатат өмүрдөн –
Туристтердей келип жаткан көлүмдө,
Туристтердей кетип жаткан көлүмдөн...
***
Бороон урган күндөр келээр, жол бүтөлөөр кар чайлап...
Бактым чексиз, качан болсо жыргайм дебе май чайнап.
О жаш пенде, бет алдыңда дайыма турбас гүл жайнап,
Кудайыңды тааныбаган күндөр калып эсирген,
Кышта жолдо жалгыз калып, кар кечээрсиң жыңайлак...
***
Адилетсиз турмуш сен эй, жанды неге ууладың?
Душман, көрчү тепсеп турат, күйүттү укчу тууганым.
Курманбекти кырк жигити таштагандай, мени да
Достор сатып, жалгыз калып, кайгы жутуп куурадым.
Башым сайып, достор үчүн даяр элем өлүүгө,
Чыккынчылык жүрөктү өрттөйт... кандай айла кыламын!?
***
Мен бүркүтмүн... чокуларда гүлдөпмүн.
Эчки-теке этиң чокуп бүрдөпмүн.
«Айды айланып» учуп жүрүп, бирок да,
Бир чындыкты эсиме ала жүрбөпмүн.
Акырында аңыздарда калдактап,
Чычкан аңдып каларымды билбепмин...
***
Келе жатып Ысык-Көлдөн Бишкекке,
Жол боюнан көрсөм улам мүрзөнү.
О Кудай ай, эске түшөт тык этип,
Өмүрүмдүн эмне менен бүтөрү...
Кадам сайын о дүйнөнү экертсе,
Кайсы арыма көксөйм бийик мүдөөнү...
***
Ала-Тоодо ак калпактар барган сайын азайып,
Келгиндердин улам саны өсүп барат калдайып.
А сен тоолук чайың ууртап, мурунуңду тердетип,
Отурасың санаасы жок чарпаяңда чандайып...
Туура, туура, бу жарыкта ар ким көрөт өз күнүн,
Бирок тууган андадыңбы, айткан сөздүн төркүнүн.
Корстон болуп күнүмдүккө, басып жүрүп бир күнү
Капысынан калба астында, «Келгин» деген көчкүнүн!..
***
Миссионерлер келемишче астыртадан акырын,
Улутумдун түп-тамырын кемиргени кемирген...
Бир «киргизбай» бөйпөлөңдөп кызмат кылып аларга,
Чет өлкөлүк маянага кашкулактай семирген...
***
Ою кыска, чачы узун деп зайыптын,
Илгерки эркек айтыптыр го “кыргызча!”
Мына бүгүн күбөбүз го, аялдын,
Акыл-ою жетип турат жылдызга.
Анткен менен сакалы узун, бирок да,
Ою кыска эркек жайнайт турмушта...
***
Кулунумун бир боор кыргыз элимдин,
Атуулумун Ала-Тоодой жеримдин.
Ала-Тоомсуз, кыргызымсыз мен киммин?
Көлөкөмүн, ата-энесиз жетиммин.
***
Кең асманда эркин учкан чабыттап,
Бир жагынан куштар кандай бактылуу.
Бирок куштар сезбейт мындай бактысын,
Канаттууңдун ушунусу кайгылуу.
Кууралын да, жыргалын да түшүнгөн,
Чын-чынында биз экенбиз таалайлуу.
***
Бир кош аяк келе жатат,
Жетегинде бирөөнүн.
Өз улутун чанып, тапкан
Бөлөк динден түнөгүн.
Ала-Тоодон бул уурдаткан,
Чоочун жакка жүрөгүн.
Өзү тоолук, дини башка,
Карасаң эй, үрөйүн.
Тили кыргыз, дини бөлөк,
О өлүгүң көрөйүн!
***
Калкып турган сөөлжанды көргөндө,
Бекер олжо тапканыңа сүйүндүң.
Баса калып сугунам деп сен аны,
Алкымыңдан кайырмакка илиндиң.
Сен байкабай тышкы жоонун амалын,
Ич жагыңдан душман чыгып арааның,
Как бооруңдан бычак менен тилиндиң.
Капысынан кайран балык бүлүндүң,
Кап аттиң ай, мен ушуга күйүндүм.
Толуп жатса суу астында ырыскың,
Адал насип, "алтын менен күмүшүң"
Алкың ачып, куртка неге жүгүрдүң?...
***
Жогору жакка айдап, айдап мал берип,
Сүрүп, сүрүп сүйрү өркөчтүү нар берип,
Чоң таякең чоң кылды эле, ким болдуң?
Бир заматта мансап сени кооздоп,
Эшек элең, көз ирмемде пил болдуң.
Чычкан элең, арстандай сүр болдуң.
Түпкүлүгү түн жамынган ууру элең...
Алдыңда так, колуңда алтын көрүп ал,
Эми мына көп сыйынаар "пир" болдуң.
Шундай экен мен жашаган замана,
Амалым жок, колум жайып тим болдум.
***
Бири-бириңди жеңем менен, тирештиңер эки эр.
Талаштыңар өмүр бою... не муратга жеттиңер?
Акыр жүрүп экөөңөр тең о дүйнөгө кеттиңер...
О эси жок пенделерим, тындыбы эми жаныңар,
Мына эми, жер астында талашыңар чечилээр...
***
Идеалың колхоз эле, куруш үчүн аны сен,
Бүт өмүрүң арнагансың, жан жолдошум – Токтошум!
Кана ошол идеалың? Бүгүн кайда жоголду –
Жалгыз башты курман чалып, жанын берген колхозуң?
Бүгүн көргөн эртең жокпу? Шундай беле бу дүйнө,
Бу жарыкка алданышка, келдиң беле, о досум!?
***
Мен тоолукмун, ичтегимди түз айтам,
Соодагерим, ушул болгон турмушум.
Меймандостук сезим өлгөн ичинде,
Билем, билем сен акчанын кулусуң.
***
Салам айтып, кирип келсем жаркылдап,
Менден өнчү пайданы ойлоп турусуң:
Үстөлүңдө пластмасса гүлүндөй,
Калп жылмайып, калп тосконуң курусун.
***
-- Неге күлөт бизди карап жылдыздар,
Түн киргенде баары тегиз ойгонуп?..
-- Неге күлбөйт, жер бетинде жатса эгер,
Эң бир кызык комедия ойнолуп?..
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн