Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:07
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Бир жарым ставкада иштеген мугалимдердин айлыгы 30 миңдей болот

22.04.2022 11:25
618
Бир жарым ставкада иштеген мугалимдердин айлыгы 30 миңдей болот

Башталгыч класстын мугалиминин (бакалавр билими бар) ставкасы 17 миң 255 сомдон башталат. Бул тууралуу Бюджеттик саясат жана каржылык анализ башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Гүлнар Токтакунова  билдирди.


Анын айтымында, тажрыйбалуу жана жаш мугалимдин айлык акысынын айырмасы бир гана стажга байланыштуу болот.


“Стажы бар мугалимдин маянасы 17 миң 255 сомго кошумча 30 пайыз (5 миң 176 сом) кошулат. Бир жарым ставкага иштеген мугалимдердин айлыгы 30 миңди чапчыйт. 5-11-класстын математика сабагынын мугалими бир ставкага иштейт. Эгер ставкасы бир жарым болсо 25 миң 882 сом ала баштайт. Буга дагы стаждын 5 миң 176 сому кошулса 30 миңдей алып калат. Дептерлерди текшерсе кошумча 2 миң 700 сом кошулат. Бул бардык суммадан 20 пайыз салык алынат. Калганы колуна тиет”, - дейт ал.


Токтакунова стаж, дептерлерди текшерүү жана класс жетекчилик кылса кошумча акча берилерин айтат.


“Эгер окуучусу республикалык олимпиаданы утса, анда мугалимге 10 миң сом, эгер эл аралык олимпиданы жеңсе дагы кошумча каражат каралган”, - деди Токтакунова.



Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Аман Эстебесов
1,5 ставка канча сом болот Стажы жок болсо